«Кайрат» «Реал Мадридден» 5:0 эсебинде утулду

01.10.2025 | 09:52

Алматынын «Кайрат» клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын топтук этабынын экинчи турунда мадриддик «Реалдан» 5:0 эсебинде утулду. Оюн Алматыдагы Борбордук стадиондо өтүп, аны 20 миңден ашуун күйөрман көрдү.

73-мүнөттө Килиан Мбаппе хет-трик жасап, эсепти дагы да айырмалады. «Кайраттын» башкы машыктыруучусу Рафаэль Уразбахтин оюнду өзгөртүү максатында Байбек, Эдмилсон, Станоев, Рикардиньо жана жаракаттан кийин биринчи жолу талаага чыккан Зарияны чыгарганы менен, өзгөрүүлөр жыйынтык берген жок.

83-мүнөттө Эдуардо Камавинга төртүнчү голду киргизсе, кошумча убакытта Браим Диас акыркы упай менен эсепти 5:0 кылып бекитти.

Эске салсак, «Кайрат» быйыл тарыхта биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын негизги этабына жолдомо алган. Бул үчүн алар плей-оффто Шотландиянын «Селтигин» уткан. Бул жеңиш клубга УЕФАдан кеминде 18,62 миллион евро (11,7 миллиард теңге) киреше алып келген. Мындан тышкары, топтук этаптагы ар бир жеңиш үчүн 2,1 миллион евро, тең чыгуу үчүн 750 миң евро кошумча сыйлык каралган.

Scroll to Top