Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Ысык-Көлдөгү кыздын өлүмү. ИИМ кызматтык текшерүү баштады
01.10.2025 | 10:00

Ички иштер министрлиги каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү маалында негизсиз билдирүү жасаган милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү башталганын билдирди.
ИИМдин маалыматына ылайык, кыздын дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөндөн кийин милиция дароо издөө иштерине киришкен. Ошол эле учурда айрым кызматкердин айткан сөздөрү кабыл алынгыс экени жана министрликтин расмий көз карашын чагылдырбай турганы белгиленди.
«Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт», – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, ИИМ маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, кылмыш иши министрликтин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин кошумчалады.