Патенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөтУКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти
Ошто балдардын чыгармачылык борборунда ачык амфитеатр ачылды
01.10.2025 | 11:49

Ош шаарындагы балдардын «Келечек» чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош турган жерге ачык типтеги амфитеатр курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, борбордун эмгек жамааты, жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери катышты.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө чыгармачыл ийримдерге катышкан жаш таланттар концерттик программа тартуулашты.
Шаар мэри куттуктоо сөзүндө буга чейин борбордун имараты жана айланасы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн белгилеп, эми ачык асман алдындагы концерттик аянт да пайдаланууга берилгенин айтты. Ошондой эле ал “Келечек” борборуна балдар үчүн кичи автобус белекке тартуулады.