Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Караколдогу мектепте окуучу кызды классташы сабап жаткан видео тарады
02.10.2025 | 11:11

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мектептердин биринде тартылган видео тарады. Анда окуучу баланын классташ кызды уруп, тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милицияга 28-сентябрда арыз түшкөн. Арыз ээси — жабыркаган кыздын чоң энеси. Ал небересин Караколдогу №2 мектепте танапис учурунда классташ баласы сабап салганын билдирген.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.