Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Мамкызматкерлерге жана жарандык коомго «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнч курс өткөрүлдү
02.10.2025 | 13:11

Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча окуу курсу аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Уңгужолго арналган курсту аяктаган 46 кызматкерге мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тарабынан сертификаттар тапшырылган.
“Алар иштеген министрликтердин жана мекемелердин кызматкерлерине «Уңгужол» программасынын мааниси жөнүндө айтып берип, анын өнүгүшүнө салым кошушат”,- деп айтылат маалыматтта.
Курсту төмөнкү адистер өткөрүшкөн:
- Курсту тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов;
- Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев;
- География илимдеринин доктору, профессор Темирбек Чодураев;
- Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев;
- “Мурас” фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов;
- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева;
- Тарых илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Нурханбек Момуналиев;
- Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Канат Жанузаков;
- Дин иштери боюнча изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов;
- Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом