«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилет

Министрлер кабинети «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн гранттарды берүү тартибин бекитти. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.
Кабыл алынган токтомго ылайык, мамлекет лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн чет өлкөдө жогорку жана орто кесиптик билим алуусун каржылайт. Талапкерлерди тандоо үчүн атайын мамлекеттик гранттык комиссия түзүлөт.
Ошондой эле Илим, жогорку билим берүү министрлиги бул программаны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары аныкталды.
Маалыамтка ылайык, бул чечим «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында таланттуу жаштарды колдоо жана квалификациялуу адистерди даярдоо максатында кабыл алынган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында 2023-жылы түзүлгөн. Мекеме президенттик фонддун эсебинен каржыланат.