Жалпы кубаттуулугу – 15,6 МВт: Сокулук районунда эки чакан ГЭС ишке кирдиЖКда курулуш жана шаар куруу боюнча мыйзам долбоору четке кагылдыБишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө2026-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан сатканына караганда дээрлик үч эсе көп товар сатып алдыКыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон ашты
Бир жума ичинде коопсуздук курун тагынбаган 400 миңден ашык айдоочу жана жүргүнчү аныкталды
07.10.2025 | 12:20

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 400 миңден ашык айдоочу жана жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаганы үчүн аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Эске салсак, “Коопсуз өлкө” автоматташтырылган камералары 1-октябрдан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү аныктап баштаган.
Эреже бузгандарга 1 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер айып 30 күндүн ичинде төлөнсө, сумма 300 сомго чейин кыскартылат.
ИИМ жарандарды жол эрежелерин сактоого, айрыкча коопсуздук курун милдеттүү түрдө тагынууга чакырат. Бул — айыптан эмес, өмүрдү сактап калуудан маанилүү экени белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом