УКМК: «Ак-Суу» ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке өткөрүлүп берилди

07.10.2025 | 12:45

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан мугалимдердин ден соолугун чыңдоо борборуна байланыштуу мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, аталган борбор 2012-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине таандык болуп турган. Бирок ошол кездеги жетекчилер тарабынан объект жеке адамга мыйзамсыз сатылып кеткен.

УКМК жүргүзгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында борбордун жалпы баасы 54 миллион 118 миң 630 сом деп аныкталды.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда «Ак-Суу» ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Scroll to Top