Бир убакта 283 социалдык мекеме. Ким куруп, кайдан каржыланууда?
Кыргызстанда мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана оорукана сыяктуу социалдык объекттилердин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор республикалык бюджеттен каржыланууда. А бюджетке акча кайдан түшүүдө? Албетте мурда сол чөнтөккө кетип турган салыктардын мамлекетке түз түшө баштаганынан, ИДПнын өсүүсүнөн, Кумтөр кенинен түшкөн пайда мамлекетке калып жатканынан улам 2025-жылдын октябрына карата өлкө боюнча бир эле учурда 283 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Өткөн жылы да көп курулуштар бүткөрүлгөн. Reporter.kg бул ирет өлкөдөгү курулуш тармагына, анын ичинде соц объекттерге саресеп салат.

Учурда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык маанидеги ондогон курулуштар жүрүүдө. Аталган объектилердин максаты — жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тармагын жакшыртуу.
Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө курулуп жаткан 283 объект төмөнкүдөй бөлүнөт:
- 145 мектеп — жаңы мектептердин курулушу окуучулардын коопсуз жана ыңгайлуу билим алуусун камсыздоого багытталган;
- 74 бала бакча — бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу жана мектепке чейинки билим берүү деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт;
- 34 спорт объектиси — жаштарды спортко тартуу жана сергек жашоо образын жайылтуу үчүн;
- 11 саламаттык сактоо мекемеси — аймактардагы медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн;
- 5 маданият үйү — маданий иш-чаралар үчүн шарт түзүү максатында;
- 14 административдик имарат — мамлекеттик кызматтарды калкка жеткиликтүү кылуу максатында курулууда.
Бул объектилердин бардыгы республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Министрликтин маалыматына караганда, жыл аягына чейин дагы 100дөй социалдык объектти бүткөрүү пландалууда.

Кайсы аймактарда эмне салынып жатат?
Ар бир облуста ар түрдүү социалдык курулуштар жүрүп жатат. Айрым мисалдар:
- Ош облусунда 92 объект салынып жатат. Булардын жалпы баасы 3,8 миллиард сомдон ашат. Бирок тендердик баасы 2,3 миллиард сомду түзөт. Башкача айтканда, айрым акча үнөмдөлгөн.
- Баткен облусунда өткөн жылы 44 социалдык объект курула баштаган. Анын ичинде мектептер, бала бакчалар жана саламаттык сактоо мекемелери бар.
- Нарын облусунда быйылкы жылдын аягына чейин 50 объект даяр болот деп күтүлүүдө.
- Бишкекте, тактап айтканда Ленин районундагы Арча-Бешик жаңы конушунда 180 орундуу бала бакча курулуп жатат. Ошондой эле, №93 мектепке кошумча имарат салынып жатат. Себеби окуучулардын саны мектептин мүмкүнчүлүгүнөн ашып кеткен.
Экономикалык көрсөткүчтөр жана каржылоо
2025-жылдын январь август айларында курулуш секторуна негизги капиталга инвестициялар 166,1 миллиард сомду түзүп, 20,1%га өскөн. Курулуш тармагы да өсүүдө: 2025-жылдын январь июль айларында курулуш сегменти 37,8%га чоң өсүш көрүп, сектор ИДПнын түзүмүндө олуттуу орунду ээлейт. Мектеп жана бала бакча курулушуна, капиталдык оңдоолорго бөлүнгөн каражаттар артып келет — мисалы, 2024 жылдагы «Капиталдык салымдар» беренесинде билим берүү объектилерине миллиард сомдор бөлүнгөнү белгилүү. Ар кандай облустарда социалдык объекттердин курулушу жана каржылоо деңгээли ар кандай. Мисалы, Нарын облусунда быйыл 64 социалдык объекти курулуш каралган.

Белгилүү болгондой, республиканын бюджети социалдык объекттерди курууга гана эмес, башка муктаждыктарына да жумшалат. Ал эми инфраструктуралык шарттар боюнча айтсак, жолдор, коммуникация, электр, суу менен камсыздоо сыяктуу шарттар аймактарда толук эмес. Бул иштерди өз убагында аткарбаган мамлекеттик жетекчилер президент жана УКМК төрагасынан бир нече ирет тил уккан фактылар бар.
Социалдык объекттердин курулушу калктын жашоо сапатын жакшыртат, билим берүү, саламаттык сактоо, маданияттын жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. Иштин ылдамдыгын жана сапатын жогорулатуу бул жерде абдан маанилүү факторлордун бири. Жаңы технологияларды колдонуу, префабрикаттык курулуш, энергия үнөмдөөчү долбоорлор, жашыл курулуш (экологиялык талаптар) колдонулса, чыгымдарды азайтууга жана узак мөөнөткө туруктуу объекттерди курууга мүмкүнчүлүк болот.

Ар аймакка курулушкa жооптуу стратегикалык план түзүү — эң муктаж облустарды, айылдарды аныктап, приоритет берүү. Буга мисал Нарын облусу. Аталган аймакка президенттин бюджеттен акча бөлүшү, УКМК төрагасынын жеке өзү көзөмөлгө алуусу жакшы жөрөлгө. Эми калган аймактарга да ушундай көңүл бурулса, 7 регион 7 жылда өнүгүп кетиши күмөн эмес. Ошондой эле каражат бөлүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу — тендерлер, мониторинг жана отчеттор коомчулукка жеткиликтүү болушу шарт.
Сапаттык контролду күчөтүү үчүн көз каранды эмес эксперттик комиссияларды түзүү- курулуш материалдарынын сапаты, техникалык жоболорго ылайык аткарылышы текшериле турган болушу керек. Кадрларды окутууну күчөтүү, аймактарга квалификациялуу куруучуларды жана инженерлерди тартуу. Жергиликтүү бийлик менен калкты катыштыруу — курулушта жергиликтүү муктаждыктарга ылайык долбоорлоо, пайдалануу шарттарына карата пикир алуу.

Кыргызстанда социалдык объекттердин курулушу ымыркайлы эмес, ири масштабда жүрүүдө, жана бул мамлекеттин социалдык басымдарын жеңилдетүүгө чоң салым кошуп жатат. Финансылык өсүү, бюджети жана курулуш секторунун ишинин көрсөткүчтөрү бул багытта жакшы ийгиликтер бар экенин көрсөтүүдө.
Бирок бул долбоорлордун эгер сапат менен жана убакытында бүткөрүлүүсүн камсыз кылса, негизги максаты — калктын деңгээлин жогорулатуу ишке ашат. Болбосо курулуш бүтө электе эле обьект “пайдаланылбай турган жай” болуп калышы мүмкүн.

Эмне үчүн социалдык объекттер маанилүү?
Бул социалдык объекттер — мектептер, бала бакчалар, оорукана жана спорт залдар — элдин күнүмдүк жашоосу үчүн өтө маанилүү. Айрыкча, жаңы конуштарда жана калкы көбөйүп жаткан айылдарда мындай мекемелердин жетишсиздиги чоң көйгөй жаратып келет.
Мисалы, көпчүлүк жаңы конуштарда балдар бакчасы жок болгондуктан, жаш апалар иштей албай же балдарын алыстагы бакчаларга ташууга аргасыз болушат. Ал эми эски мектептерде окуучулар класстарга батпай жатышат.
Эмнеге көңүл буруу керек?
Мамлекеттик органдар социалдык объекттерди курууда төмөнкү нерселерге көңүл бурушу керек:
- курулуштар чындап муктаж болгон айылдарга жана райондорго салынышы керек;
- элдин пикири угулуп, жергиликтүү бийлик менен бирге чечим кабыл алынсын;
- курулуш иштери ачык-айкын жүргүзүлүп, бюджет туура колдонулсун;
- мектеп же оорукана эле эмес, жол, суу, жылуулук сыяктуу шарттар да жакшыртылсын.