Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Таласта жайыт жердин катмары бузулган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду
07.10.2025 | 16:26

Башкы прокуратура Талас районунда жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясы тарабынан Беш-Таш айыл аймагынын “Карьер” участогундагы 2,2 гектар жерден кум-шагыл жана чопо казууга уруксат берилген. Бирок көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам жайыт жерлердин катмары бузулган. Натыйжада экологияга 23 млн 430 миң сомдук зыян келтирилген.
Башкы прокуратура аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар