Айыл-чарба министрлиги Таласта дыйкандардын төө буурчагын сатып алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Талас облусундагы дыйкан-фермерлерден төө буурчак сатып ала баштады. Ведомствонун маалыматына караганда, бул аракет дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлкөдөгү азык-түлүк бааларын турукташтыруу максатында жүргүзүлүүдө.
Учурда төө буурчакты сатып алуу иш-чаралары дыйкандар үчүн ыңгайлуу бааны кармоо максатында жүргүзүлүүдө. Министрлик алдын ала эскертип, эгер картошканын баасы төмөндөп кетсе, жергиликтүү фермерлерден картошканы да ыңгайлуу баада сатып ала турганын билдирди.
Мекеме белгилегендей, мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, фермерлерге колдоо көрсөтүү жана керектөөчүлөр үчүн азык-түлүк бааларын жеткиликтүү кармоо максатында жүргүзүлүүдө.