Шектүү кармалды. Чүйдө кароосуз калган үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусунун, Жайыл районунун аймагында ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 6-сентябрь күнү саат 07:29 чамасында Кара-Балта шаарынын Лермонтов көчөсүндө орун алган үйдө болгон. Үйдөн 1977-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылып, денесинде жаракаттар бар экени аныкталган.
Бул факт Жайыл РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучунун туруктуу жашаган жери жок экени, ал жогорудагы даректе кароосуз калган үйдө жашап жүргөнү аныкталган. Мындан тышкары, мурунку күнү ал азиат улутундагы белгисиз жаран менен алкоголдук ичимдикти ичип жүргөнү белгиленген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мурда ушул сыяктуу кылмыш менен соттолгон 1992-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.