Боомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштадыМСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайы
Роналдунун байлыгы 1,4 миллиард долларга жетти
08.10.2025 | 17:42

Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнө тарыхында байлыгы 1 миллиард доллардан ашкан биринчи футболчу болду.
Маалыматка ылайык, Роналду «Аль-Наср» менен жаңы келишим түзүп, анын суммасы 400 миллион доллардан ашкан. Рекламалык келишимдерди кошкондо, футболчунун жалпы байлыгы 1,4 миллиард доллар деп бааланууда.
Роналду — беш жолку «Алтын топтун» ээси, Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону, Улуттар лигасынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле ал улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын жана клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп саналат.