Кыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштады

Кыргызстан саламаттык сактоону башкаруу тармагында компетенциялар менен алмашуу үчүн ШКУнун Диалогдук платформасын түзүү демилгесин сунуштады. Мындай демилге 20-апрелде Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинде айтылып, ал кеңешменин катышуучулары тарабынан колдоого алынды.
КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бул механизм саламаттык сактоо тармагында тажрыйба, практикалар жана башкаруучулук чечимдер менен алмашуу үчүн онлайн-эксперттик аянтча катары түзүлөт. Платформа тематикалык талкууларды өткөрүүнү, улуттук тажрыйбалар менен алмашууну жана онлайн форматта демилгелерди координациялоону камтыйт.
Кеңешмеде ошондой эле алдын алуу медицинасын өнүктүрүү, калктын ден соолугун башкарууну өркүндөтүү, медициналык жардам системаларынын туруктуулугун жогорулатуу, тармакты кадрлар менен камсыздоо жана саламаттык сактоону санариптештирүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары ШКУнун Медициналык туризм альянсын түзүү концепциясынын долбоору каралды.
Жыйындын соңунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин Жыйынтык протоколуна кол коюлду. Бул документ жетишилген макулдашууларды жана кызматташтыктын багыттарын бекитет.
Белгилей кетсек, кеңешме КРдин саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун төрагалыгы астында өттү. Ага ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери жана министрлердин орун басарлары баштаган делегациялар, ШКУ Катчылыгынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.