Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учат
09.10.2025 | 17:55

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси талкууланып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынган.
Комиссиянын 2025-жылдын 8-октябрында өткөн жыйынында 2026-жылдагы ажылык сапары үчүн зыяратчыларды Сауд Араб Падышалыгына ташуу укугу “Flyadeal” авиакомпаниясына берилди.
Конкурстун жыйынтыгында “Flyadeal” авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, ага жалпы 6060 кыргызстандык ажылык зыяратчыны ташуу укугу ыйгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом