Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Муфтият дин кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскертти
10.10.2025 | 13:00

КР мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров облустук жана аймактык казыларга жыйын өткөрүп, дин ишмерлерине парламенттик шайлоого аралашпоого чакырды.
Закиров белгилегендей, мыйзамга ылайык диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. «Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерде саясий жарнактар болбошу керек», — деди ал.
Буга чейин айрым дин кызматкерлер шайлоого кыйыр же түз аралашкан учурлар болгон. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
Жаңы мыйзам боюнча өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үч депутат шайланат, анын бири аял болушу шарт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом