Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды: төрт автобустун каттамы өзгөртүлдү
Борбор калаада Жибек Жолу проспектиси боюнча транспорттун кыймылы убактылуу чектелди. Жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу бир нече коомдук транспорттун каттам схемалары өзгөргөнүн Бишкек мэриясы билдирет.
Жол жүрүү үчүн проспекттин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык. Мунун себеби курулуш-монтаждоо иштерине — адистер бул тилкеде диаметри 600 миллиметрди түзгөн канализациялык коллекторду орнотуп жаткандыгына байланыштуу.
Оңдоо иштеринен улам төрт муниципалдык автобус каттамынын: №13, №35, №45 жана №23 схемалары убактылуу өзгөртүлдү.




Шаар бийлиги тургундардан жана айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.