Бишкекте дүйнө окумуштууларын бириктирген VII Эл аралык Евразиялык симпозиум болуп өттү

11-октябрда Кыргызстан эл аралык университетинде VII Эл аралык Евразиялык симпозиум (ESSA 2025) болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Эстония, Италия, Индия, Улуу Британия жана АКШдан келген окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышышты.
Симпозиум «Өмүрдүн семиотикасы илимий дисциплина катары: объектиси, методологиясы жана анализдин келечеги» темасында өтүп, дүйнөнүн алдыңкы илимий мектептерин бириктирип, гуманитардык жана социалдык илимдер чөйрөсүндө ой бөлүшүү үчүн платформа болуп берген.
Иш-чарада Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, Санкт-Петербург шаарындагы Эл аралык гуманитардык университеттин ректору Марина Пименова, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов жана башка көрүнүктүү окумуштуулар сөз сүйлөшкөн.
Пленардык бөлүктө эл аралык эксперттер: Беркли университетинин (АКШ) профессору В. Деакон, Тартус университетинен (Эстония) Калеви Кулл, Турин университетинен (Италия) Массимо Леоне жана Индиядагы Индира Ганди атындагы улуттук университеттин профессору Силима Нанданын докладдары угулган.

Симпозиумда кыргыз семиотика мектебинин негиздөөчүсү, профессор Зина Караеванын чыгармачылык жана илимий мурасына өзгөчө көңүл бурулган.
Профессор Караева — кыргыз филологиясынын жана лингвистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү окумуштуу. Ал Кыргызстандагы алгачкы семиотист болуп, тилдин түзүлүшүн, маанилердин табиятын, белгилер менен символдордун ролун терең изилдеген.
Анын жетекчилиги жана демилгеси менен төмөнкү кыргыз авторлорунун чыгармалары англис тилине которулуп, дүйнөлүк окурмандарга сунушталган:
- Ж. Бекенбаев — «Поэзиянын падышасы»;
- Т. Адышова — «Шамдай жанган сездер»;
- Эпостор «Кыз Сайкал», «Семетей»;
- Б. Арстанбекова — «Курманжан датка»;
- С. Раев — «Ханышанын көз жашы. Барсбек»;
- Б. Чотурова — «Тумар ханышасы»;
- Т. Актан — «Чоң кербез».
Мындан тышкары иш-чаранын алкагында кыргыздын салттуу искусствосуна арналган көргөзмө жана маданий программа да өткөрүлгөн. Анда шырдак, оймо жана сайма сыяктуу улуттук мурастын символдору көрсөтүлгөн.
Философия, лингвистика, адабият, биология, физика, билим берүү, укук, психология, социология, саясий илим жана искусство тармактарындагы окумуштуулар адам коомундагы белгилерди жаратуу, берүү жана чечмелөө процесси — семиозистин теориялык жана практикалык аспектилерин талкуулашкан.