Бишкекте логистикалык, транспорттук жабдуулардын эл аралык көргөзмөсү өтөт

28-октябрдан 30-октябрга чейин Бишкекте К. Кожомкул атындагы спорт ордосунда логистикалык, транспорттук жана кампа жабдууларынын экинчи эл аралык көргөзмөсү «KyrgyzTransLogistic 2025» өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Кореядан келген 45тен ашык ишкана катышат. Көргөзмө транспорттук логистика жана жүк ташуу, кампа жабдыктары жана автоматташтыруу системалары, логистика үчүн санариптик жана IT чечимдери, ошондой эле таңгактоо жана тиешелүү кызматтарды камтыйт.
Көргөзмө тармактык эксперттердин катышуусунда панелдик талкууларды, семинарларды жана тегерек столдорду камтыган бизнес-программаны камтыйт. Талкууда эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, логистикалык процесстерди санариптештирүү, электрондук коммерциянын келечеги, жүктөрдү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү маселелери талкууланат.
Иш-чара Экономика министрлигинин, Транспорт министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, ошондой эле ассациациялардын жана мекемелердин расмий колдоосу менен өткөрүлөт.