Чүйдө сабизден рекорддук түшүм алынды — гектарынан 91 тоннага чейин 

13.10.2025 | 15:18

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагында дыйкандар быйыл сабиз жыйноодо тарыхый рекорд коюшту — түшүм гектарынан орточо 73 тоннаны түзүп, айрым аянттарда 91 тоннага чейин жетти.

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, бул жогорку көрсөткүчкө сапаттуу үрөндү колдонуу, тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү жана жер семирткичтерди туура пайдалануу себеп болду. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин техникалык колдоосу да маанилүү роль ойногон.

Жыйналган түшүмдүн негизги бөлүгү ички рынокко жана кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлүп, калган бөлүгүн коңшу мамлекеттерге экспорттоо пландалууда.

Дыйкандар белгилешкендей, быйыл аба ырайынын ыңгайлуулугу жана сугат суусунун жетиштүү болушу түшүмдүн молдугуна өбөлгө түздү.

Scroll to Top