Эки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болот

20.04.2026 | 09:56

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарын жана уюмдарын ичүүчү сууну масштабдуу пландык өчүрүүлөр тууралуу эскертет. Чектөөлөр эки күнгө созулуп, шаардын батыш жана чыгыш бөлүктөрүнө тиешелүү болот.

Өчүрүүлөр турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өнөр жай жана социалдык-тиричилик объекттерине таасирин тийгизет.

Өчүрүүлөрдүн графиги жана аймактар

Эртең, 21-апрель (09:00дөн 24:00гө чейин):
Шаардын батыш бөлүгүндө суу болбойт. Чектөөлөр төмөнкү квадраттарды камтыйт:

  • Абакан көчөсү, Дэн Сяопин проспектиси, Кустанай көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген тилке;
  • Кустанай — Профсоюз — Волкова — Садыгалиев — П. Лумумба — Дэн Сяопин проспектиси көчөлөрүнүн квадраты.
    Себеби: «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы реконструкциялоо иштери.

Бүрсүгүн, 22-апрель (09:00дөн 21:00гө чейин):
Борбордун чыгыш бөлүгүндө суу берүү токтотулат, тагыраагы:

  • «Тунгуч» кичи району;
  • «Рухий Мурас», «44 Га», «Кырман» жана «50 Га» турак жай конуштары.
    Себеби: «Сельский» суу алгычындагы жана ага чектеш тармактардагы реконструкциялоо иштери.

«Бишкексууканал» МИ бишкектиктерден убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, уюмдардын жетекчилерин ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Scroll to Top