Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдө

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды. Иш-чара 24-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат кербенинин жүрүшүндө мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоонун тутумун бекемдөө боюнча практикалык кадамдар талкууланат. Баланы тарбиялоо боюнча практикалык көнүгүүлөр жана ата-эне менен баланын мамилесин чыңдоо боюнча психологиялык консультациялар өтөт.
Алгачкы иш-чара Бишкек шаарындагы №101 орто мектепте өтүп, ага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жана Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачеванын катышкан. Эми иш-чаралар Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы мектептерде өткөрүлөт.
Иш-чараларды Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы Балдарды коргоо борбору менен биргеликте уюштурууда.