Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Ош шаарына жаңы сейил бак курулууда
16.10.2025 | 14:54

Ош шаарында Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бак курулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Сейил бакта чыгармачыл жаштар үчүн жайкы сахна, эс алуучулар үчүн отургучтар курулуп, жашыл аймак менен жарыктандыруу системалары орнотулат.
Мэриянын маалыматында, буга чейин бул жерде гүл базар, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар орун алып, жол кыймылына тоскоолдук жаратып келген. Мэрдин тапшырмасы менен алар алынып, суунун жээги бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом