Дональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп Израильдин парламентинде сүйлөп жатып, Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Согуш аягына чыкты», — деди Трамп парламенттеги эстелик китепчеге конок катары пикирин жазып жатып. Ал бул күндү «улуу күн» деп белгиледи жана ХАМАС курал таштоого макул болгонун кошумчалады.
Бүгүн эртең менен Газа секторунда кармалып турган израилдик туткундардын биринчи тобу өз мекенине жеткирилген, өлгөндөрдүн сөөгү да кайтарылган. Ошондой эле Израиль бошоткон 1 966 палестиналык туткун өз аймактарына жөнөтүлүү үчүн автобустарга отурган.
Эскерте кетсек, Трамптын тышкы саясий пландарына ылайык, Газа секторунда атышуу 10-октябрда токтогон. Анда 72 сааттын ичинде туткундарды бошотуу милдети белгиленген.