Интернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

18.10.2025 | 16:00

Бишкекте жаранды интернет аркылуу 14 млн сомго алдап кеткен деп шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райолндук милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын 6-августтунда белгисиз кишилер WhatsApp аркылуу өздөрүн ГКНБ кызматкерлерибиз деп тааныштырып, 14 млн сом акчасын ар кайсы банктык эсептик карталарга которуп алышканын билдирген.

Аталаган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, 18 жаштагы Е.С., аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Андан кийин шектүү Ленин райондук сотунун чечими менен №1 Тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Учурда, жогорудагы кылмышка тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top