Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Ош мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолот
19.10.2025 | 16:16

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 19-октябрда, көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров ага күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлүңө ал деп тапшырма берген.
“Баарын мэриянын эсебинен бүткөрүп беремин. Кыжалат болбоңуздар, башкысы жашоочулар аман,- деп билдирди мэр.
Эске салсак, бүгүн таңга маал 06:30дар чамасында Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан чоң өрт чыккан. ӨКМ жерине өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом