Бишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек шаарынын А.Огонбаев көчөсүндөгү 16 кабаттуу «Мадина резиденс» турак-жай комплексин куруу маалында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордук уюм курулуш компаниясынын заказы менен иштеп жатканда долбоордук-сметалык документтерге жалган маалыматтарды киргизген. Анын негизинде курулуш долбоору мыйзамсыз түрдө макулдашылган.
Ошондой эле, курулуп жаткан имараттан 5 метр аралыкта терезелери бар башка үй жайгашкандыгы өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп эсептелет. Бул жагдай турак-жайдын эксплуатацияга берилишинде коркунуч жаратат жана үлүшчүлөрдүн документтерди алуу процессин татаалдатышы мүмкүн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда төмөндөгүлөр кармалган:
С.Д.М. — «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын мурдагы бөлүм башчысы;
О.Д.Б. — долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
Р.Ж.Т. — курулуш компаниясынын жетекчиси.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен С.Д.М. жана О.Д.Б. камакка алынып, Р.Ж.Т. үй камагына алынган.
УКМК учурда бул имаратка уруксат берүү документтерин даярдоого катышкан башка адамдардын ишин да иликтөөдө. Комитет курулуш эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертип, мыйзам бузгандарга карата катаал чаралар көрүлөрүн белгиледи.