Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылат
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин 36 кызматкерине карата козголгон 23 кылмыш иши тууралуу айтып, эмне себептен акыркы убакта милиция кызматкерлеринин кармалышынын себебин түшүндүрдү. Анын ичинде жакында орун алган Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө байланыштуу чуулгандуу окуялардын алкагында кеңири маек курду.

Өлкөнүн башкы милиционери тартип сакчыларынын жоопкерчиликке тартылуу фактыларынын көбөйүшүнүн себеби погончондор арасында кылмыштуулуктун өскөнүнөн эмес, ички көзөмөлдүн күчөтүлгөндүгүнүн жана жаңыча тажрыйбанын натыйжасы экенин билдирди.
Улан Ниязбеков сөздөрү кур болбош үчүн, так сандарды келтирди: жыл башынан бери коррупциялык багыттагы 23 кылмыш иши козголуп, 36 кызматкер анын фигуранты болгон, 7 кызматкер жумуштан айдалса, дагы 30у кызматынан төмөндөтүлгөн.
Муну менен катар министр мыйзам алдында кызматына жана наамына карабастан мыйзам алдында баары бирдей экенинен өзгөчө басым жасап, бул багыттын башкы демилгечиси катары президент Садыр Жапаровду белгиледи.
“Reporter.kg” маектин толук версиясын сунуштайт.
– Акыркы учурда коомдо, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча талкуулар күчөдү. Бул эмнеге байланыштуу?
Маалыматтык мейкиндикте мындай фактыларга карата кызыгуу чындап эле жогорулаганы байкалууда жана бул көп жагынан коомдун ачыктыкка жана адилеттүүлүккө болгон талабынан улам келип чыгууда. Ошол эле учурда белгилеп кетким келет, айрым аймактарда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча фактылар орун алган. Бул жашырылбайт жана көмүскөдө калтырылбайт. Тескерисинче – бул Ички иштер министрлигинин принципиалдуу позициясы, ал коррупцияга жана мыйзам бузуулардын бардык түрүнө каршы чыдамсыз мамилеге негизделет.
Маанилүүсү, мындай фактылардын олуттуу бөлүгү түздөн-түз Ички иштер министрлигинин өзүнүн түзүмдөрү, анын ичинде Ички иликтөө кызматы тарабынан аныкталууда. Бул мыйзам бузуулардын көбөйгөнүн эмес, ички көзөмөлдүн, тартиптин күчөгөнүн жана системаны тазалоо ишинин натыйжалуулугунун жогорулаганын көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө бул иштер системалуу мүнөзгө ээ: ведомстволук көзөмөл күчөтүлүүдө, укук бузууларды аныктоо механизмдери өркүндөтүлүүдө, бөлүмдөрдөгү тартиптин абалы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги жогорулатылууда.
Мындан тышкары, мындай фактыларды аныктоодо жарандардын кайрылуулары жана коомдук мейкиндиктеги маалыматтар маанилүү роль ойнойт, алар милдеттүү түрдө текшерилип, аларга укуктук баа берилет.
Демек, сөз мыйзам бузуулардын көбөйүшү жөнүндө эмес, принципиалдуу башка практика, ачык жооп кайтаруу практикасы жөнүндө болуп жатат – анда ар бир аныкталган факт логикалык жана мыйзамдуу жыйынтыкка чейин жеткирилет.
Ички иштер органдарына карата жарандардын ишенимин жогорулатуу – негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Биздин көз карашта, ишеним конкреттүү аракеттер аркылуу калыптанат – ачыктык, принципиалдуулук жана ар бир мыйзам бузуу фактысына, анын ичинде системанын өзүнүн ичиндеги учурларга да укуктук баа берүүгө даярдык.
Дал ушундай ырааттуу жана ак ниет иш милициянын кадыр-баркын чыңдоого жана коом менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.
– Коомдук мейкиндикте укук коргоо органдарынын ишинин жанданышы да талкууланууда. Азыркы учурда ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүү кандай уюштурулган?
Укук бузууларды аныктоо жана алдын алуу иштери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башка укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.
Бул өз ара аракеттенүү системалуу жана пландуу мүнөзгө ээ – ал күнүмдүк ыкчам иштердин алкагында да, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана маалымат алмашуу аркылуу да ишке ашырылат.
Айрым учурларда кармоолор дал ушул координацияланган аракеттердин жыйынтыгы болуп саналат, анда ар түрдүү ведомстволордун ресурстары, мүмкүнчүлүктөрү жана компетенциялары бириктирилет.
Биргелешкен иштер коррупцияга каршы аракеттенүү менен гана чектелбестен, кылмыштуулукка каршы күрөш, укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт.
Мында жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү, тобокелдиктерди талдоо жана алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул укук бузуулар болгондон кийин гана эмес, алдын алуу багытында да иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.
Ар бир ведомство өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барат, ал эми негизги максат жалпы – мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Белгилей кетсем, жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык саясаттын шартында кесипкөй жана туруктуу кадрдык потенциалды калыптандырууга өзгөчө маани берилет. Ички иштер органдарынын системасында мыйзамга кызмат кылууга багытталган, принципиалдуу, даярдыгы жогору кызматкерлер негизги орунду ээлейт, алар үчүн коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт.
Ошол эле учурда кызматтын аброюна шек келтирген адамдардан катарды тазалоо жана ак ниет, компетенттүү кызматкерлердин эсебинен кадрдык өзөктү чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Дал ушундай күчтүү жана жоопкерчиликтүү кадрлар коррупцияга каршы натыйжалуу күрөштүн жана мыйзамдуулукту камсыздоонун негизги фактору болуп саналат.
– Жакында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин кармалышы коомдо чоң резонанс жаратты. Бул боюнча эмне айта аласыз?
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө жана объективдүү укуктук баа берилет.
Белгилей кетсек, мындай фактылар Ички иштер министрлиги тарабынан принципиалдуу жана чечкиндүү бааланат жана мындан ары да ушундай мамиле сакталат. Ээлеген кызмат, наам же мурдагы ишмердүүлүгү жоопкерчиликтен бошотууга негиз боло албайт.
Мындан тышкары, ар бир мындай учурда кылмыш иши менен катар кеңири кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, жер-жерлердеги жетекчилердин ишмердүүлүгүнө жана көзөмөл системасына баа берилет.
Биздин максат – айрым фактыларга гана реакция кылуу эмес, мындай мыйзам бузууларга алып келген себептерди жана шарттарды жоюу. Бул иштер системалуу негизде жүргүзүлүүдө.
– Мындай учурлар, анын ичинде Бишкек шаарында жана башка аймактарда, жарандардын милицияга болгон ишенимине доо кетирбейби?
Тескерисинче, мындай фактыларга карата ачык жана принципиалдуу мамиле коомдун ишенимин бекемдейт деп эсептейм.
Биз мындай учурларды жашырбайбыз жана аларга укуктук баа беребиз, анткени ачыктык жана жоопкерчилик аркылуу гана кесипкөй жана ачык милицияны калыптандырууга болот.
Өз катарындагы коррупцияга жана мыйзам бузууларга каршы күрөш – бул бир жолку чара эмес, бардык деңгээлдерди камтыган системалуу иш. Анын ичинде жетекчилердин ишине да баа берилет.
Система натыйжалуу иштеген жерде мындай фактылар жашырылбайт, тескерисинче аныкталып, токтотулат. Бул алсыздык эмес, тескерисинче өзүн-өзү тазалоо жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү.
Биз жарандардын ишенимин мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө боюнча ырааттуу жана ак ниет иш алып бармайынча камсыз кылуу мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Бул иштер өлкө боюнча улантылат.
– Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан укук бузууларга жол берилген учурда кандай чаралар көрүлүүдө? Быйылкы жылга карата конкреттүү жыйынтыктар барбы?
2026-жылдын башынан бери коррупциялык багыттагы кылмыштар боюнча 36 кызматкерге карата 23 кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүчтөр Ички иштер министрлигинин мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жоопкерчиликтин сөзсүз аткарылышы боюнча принципиалдуу позициясын, анын ичинде системанын өзүнүн ичинде да, көрсөтөт. Ошондой эле бул антикоррупциялык иштин артыкчылыктуу багыт экенин жана аны аныктоо механизмдеринин күчөтүлгөнүн тастыктайт.
Белгилей кетүүчү нерсе, 10 кылмыш иши ИИМдин Ички иликтөө кызматынын демилгеси менен козголгон, дагы 13 иш Кыргыз Республикасынын УКМК менен биргелешкен иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Бул ички көзөмөлдүн натыйжалуулугун, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтөт.
Демек, сөз системалуу жана ырааттуу иш жөнүндө болуп жатат – анда ар бир аныкталган факт укуктук баасын алат, ал эми мыйзамдуулук жана кызматтык тартип принциптери иш жүзүндө камсыз кылынат.
– Кызматкерлерге жана жетекчилерге карата кандай тартиптик чаралар колдонулууда?
Кылмыш жоопкерчилиги менен катар, ички иштер органдарында кызматтык тартипти бекемдөөгө багытталган тартиптик чаралар да ырааттуу колдонулууда.
Тактап айтканда, 7 кызматкер кызматтан бошотулган; 30 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн; 1 кызматкер атайын наамынан төмөндөтүлгөн; 59 кызматкерге тартиптик жаза берилген;
Бул чаралар формалдуу эмес, принципиалдуу мүнөзгө ээ жана мыйзам бузуулардын кайталанышына жол бербөөгө багытталган.
Жетекчилердин жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулат, анткени бөлүмдөрдөгү тартип жана мыйзамдуулук үчүн дал ошолор жооп берет.
– Ички иштер органдарынын системасын тартипке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу жарандарга эмнени жеткиргиңиз келет?
Эң башкысы – мыйзамдуулукту камсыздоодо ырааттуулук, ачыктык жана принципиалдуулук.
Ички иштер министрлиги кызматтык тартипти бекемдөө, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана кызматтын аброюна шек келтирген кызматкерлерди тазалоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатат.
Ар бир аныкталган факт ээлеген кызматына, наамына, мурдагы ишмердүүлүгүнө жана башка жагдайларга карабастан принципиалдуу укуктук баасын алат.
Бул иш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан белгиленген, коррупцияга каршы компромисске жол бербеген мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы мамлекеттик системада коррупциялык көрүнүштөргө жол берген адамдарга орун болбошу керектигин, ал эми эч кандай кызмат, байланыш же башка жагдайлар жоопкерчиликтен качууга негиз боло албасын так белгилеген.
Ички иштер органдары үчүн бул жөн гана багыт эмес, иш-аракетке түздөн-түз жетекчилик болуп саналат. Жоопкерчиликтин сөзсүз аткарылышы принциби өз кызматкерлерине карата да иш жүзүндө колдонулууда.
Ошол эле учурда биздин негизги милдет өзгөрүүсүз – жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
Биз коомдун ишеними сөз менен эмес, конкреттүү иштер менен калыптанарын жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин аракеттери дал ушуга багытталган.
Бул иштер мындан ары да ырааттуу түрдө өлкөнүн бардык аймагында улантылат.