Бишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт

21.10.2025 | 13:19

Бишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» программасын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Иш-чаранын максаты — улуттук эпостордун жана дастан өнөрүнүн мурастарын сактоо, жаш таланттарды шыктандыруу жана коомчулукка таанылууга шарт түзүү.

Сынакка каалоочулар, салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү жана маданий-музыкалык окуу жайларынын профессионал студенттери катыша алат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Кароо-сынак эки тур менен өтөт:

  • 1-айлампа: катышуучулар тизмедеги дастандардын бирин аткарат (5–10 мүнөт). Тизмеде: «Курманбек», «Жаныш Байыш», «Аксаткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан», «Карагул Ботом», «Кожожаш», «Саринжи Бөкөй».
  • 2-айлампа: 1-турдан тандалып алынган катышуучулар өз каалоосу боюнча 2 дастан аткарат (10–15 мүнөт), бирок биринчи турда аткарган дастанын кайра аткарууга болбойт.

Калыстар тобуна композиторлор, тилчи жана салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр кирет. Катышуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Кароо-сынак 17-ноябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт.

Scroll to Top