IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталды

23.10.2025 | 10:44

Маданият министрлиги IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталганын маалымдады. Фестиваль 2026-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, фильмдер расмий түрдө FilmFreeway платформасында кабыл алынууда. Тасмаларды кабыл алуу 17-октябрдан 2026-жылдын 27-февралына чейин жүргүзүлөт.

Конкурс программалары:

  • Эл аралык конкурс — дүйнө жүзүнөн тандалган эң мыкты фильмдер башкы байге үчүн ат салышат.
  • Борбор Азия конкурсу — Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда тартылган эң мыкты фильмдер бир сынакта ат салышат.
  • KyrgyzBox — Кыргызстанда тартылган жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон фильмдерди сунуштайт.

Негизги сыйлыктар:

  • Гран-при «Эң мыкты фильм» (продюсерге) — 500 миң сом
  • Эң мыкты режиссёр — 400 миң сом
  • Эң мыкты актриса / актёр — 300 миң сом
  • Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — 300 миң сом (операторлорго, сценаристтерге, композиторлорго же сүрөтчүлөргө өзгөчө чыгармачылык жетишкендиктери үчүн).

Бишкек эл аралык кинофестивалы — Кыргызстанда жана Борбор Азияда өткөрүлүүчү эң ири иш-чара. Ал жыл сайын 30дан ашуун мамлекеттен келген режиссёрлорду, продюсерлерди, дистрибьюторлорду, журналисттерди жана маданий институттардын өкүлдөрүн бириктирет.

Фестиваль жыл сайын Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кинематография департаментинин, ошондой эле бир катар дипломатиялык жана маданий уюмдардын колдоосу менен өткөрүлөт.

Scroll to Top