АКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргизди

23.10.2025 | 11:36

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын эки ири мунай ишканасына: «Роснефть» ААК жана «Лукойл» ААКка каршы санкция салды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ишканалар санкциялык тизмеге “Орусиянын Украинадагы конфликтти токтотууга багытталган тынчтык жараянына олуттуу түрдө умтулбай жатканына байланыштуу” киргизилген. Министрлик бул чаралар Орусиянын энергетика секторуна басымды күчөтүп, Кремлдин аскердик машинасын каржылоого жана алсырап бара жаткан экономикасын колдоого болгон мүмкүнчүлүгүн азайтарын билдирди.

АКШнын Каржы министрлиги ошондой эле «Роснефть» менен «Лукойлдун» туунду ишканалары да санкциялык тизмеге киргизилгенин маалымдады. Мындан тышкары, санкциялык тизмеге киргизилбесе да, аталган ишканаларга түз же кыйыр түрдө 50% же андан көп үлүш менен таандык болгон бардык ишканалар бөгөттөлгөнү айтылды.

«Азыр адам өлтүрүүнү токтотуп жана ок атышууну дароо токтотуу тууралуу жарыя кылууга эң ыңгайлуу учур. Президент Путиндин бул маанисиз конфликтти токтотуудан баш тартуусун эске алуу менен, Каржы министрлиги Кремлдин аскердик машинесин каржылаган Орусиянын эки ири мунай ишканасына каршы санкция киргизет. Каржы министрлиги президент Трамптын бул конфликтти токтотуу боюнча аракеттерин колдоо үчүн кошумча чараларды көрүүгө даяр. Биз өнөктөштөрдү бизге кошулууга жана бул санкцияларды сактоого чакырабыз”,- деп билдирди деди АКШнын каржы министри Скотт Бессент.

Scroll to Top