Салык кызматкерлери Швейцариянын SICPA ишканасына барып, тажрыйба алышты

Салык кызматынын кызматкерлери Швейцариянын SICPA ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашышты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков жетектеп барган делегация ишкананын жетекчилиги жана адистери менен жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу кызматташтык багыттарын, ошондой эле салыктык башкарууну санариптештирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.
Жолугушууларда баалуу металлдар, товарлар жана продукциялардын көзөмөлү жана жүгүртүүсү боюнча эл аралык стандарттар сунушталып, контрафакттык жана мыйзамсыз продукцияны аныктоонун лабораториялык ыкмалары көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, ишкана кирешелерди мобилизациялоо, табигый ресурстарды башкаруу, саламаттыкты сактоо, санариптик идентификация, маалымат коопсуздугу жана бренддерди коргоо тармактарында инновациялык чечимдерди тааныштырган.
Белгилей кетсек, SICPA — дүйнө жүзүндө коопсуздук технологияларын иштеп чыгуучу эң ири жана кадыр-барктуу ишканалардын бири. Ишкана беш континентте иш жүргүзүп, дүйнөдөгү көптөгөн банкноттордун корголушун камсыздайт.