Таш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалды

27.10.2025 | 11:22

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдары Шамалдуу-Сай шаарында, Теңдик айылында, Чуют-Сай айылында жана Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин жасалма аукциондорду арзандатылган баада өткөрүү аркылуу жакын туугандарынын жана байланышы бар адамдардын пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, темир жолдун боюндагы суу коргоо зонасында жана санитардык коргоо тилкесинде коммерциялык объектилер үчүн жер участокторун бөлүп берүү фактылары аныкталган.

Бул фактынын негизинде, 22-октябрда Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top