Бишкектик өспүрүм аялды 400 миң сомго алдаган шылуундарга жардам берген

03.11.2025 | 12:43

Чүй облусунда интернет-шылуундарга көмөктөштү деп шектелип, Бишкек шаарынын 2007-жылы төрөлгөн тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга Новониколаевка айылынын тургуну кайрылып, өзүн мамлекеттик органдардын жана банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдап кеткенин айткан. Алар аялды 400 миң сом насыя алууга жана анын дээрлик бардык суммасын көрсөтүлгөн эсепке которууга көндүрүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм Telegram аркылуу өзүнүн банк картасын жана SIM-картасын 4,5 миң сомго сатып жибергени, ал эми алдамчылар бул карталарды жабырлануучунун акчасын котортуп алууга колдонгону аныкталган.

Өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Чүй облустук милициясы банк карталарын, SIM-карталарды жана электрондук капчыктарды үчүнчү тараптарга берүү кылмыш болуп эсептелерин жана олуттуу жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Scroll to Top