Киберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалуудаСадыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт
Президент Жапаров “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
03.11.2025 | 12:29

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.
Мыйзамга киргизилген негизги өзгөртүүлөр:
- Мыйзамдагы айрым терминдер жана түшүнүктөр такталып, аныкталган;
- Ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш азыктары менен ички рынокту камсыздоо жана импорт алмаштыруунун ролу жогорулатылган;
- Өлкө калкынын тамак-аш менен жетиштүү көлөмдө камсыз болушу аркылуу азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү деңгээли аныкталган.
Мыйзамдын максаты — Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, ички өндүрүштү колдоо жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоо.