Бишкекте үй-жайсыздар үчүн кышкы баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Даректер

04.11.2025 | 15:25

Бишкек шаарында кыштын келиши менен үй-жайсыз адамдарды кабыл алуучу убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Октябрь районундагы А.Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Азыркы учурда бул жерде оңдоо иштери аяктап, төшөнчүлөр, дары-дармектер жана жылытуу үчүн 10 тонна көмүр даярдалды. Мындан тышкары, ысык тамак берүү үчүн сатып алуулар жүргүзүлгөн.

Биринчи май районунда «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт. Ал 70 адамга эсептелген жана күн сайын 70–100гө чейин адам тамак жана түнөк алышат. Дареги — Жибек жолу проспектиси, 413.

Ошондой эле Ленин районундагы «Боорукердик борбору» аялдар жана балдар үчүн 45 адамга ылайыкталган баш калкалоочу жайды иштетет. Учурда анда 10 аял 12 баласы менен жашап жатат. Дареги — Трудовая көчөсү, 10.

Мэрия үй-жайсыз жарандар жардам сурап өз алдынча кайрылса болорун, ошондой эле милиция жана тез жардам кызматы да аларды жеткире аларын эскертет. Эгерде көчөдө жардамга муктаж адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалыңыз.

Scroll to Top