Оштогу өрт чыккан көп кабаттуу үйдө оңдоо иштери жүрүүдө

04.11.2025 | 16:01

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн өрт кырсыгы катталган бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда күйгөн жерлер тазаланып, чатырды жабуу иштери аяктоо алдында турат.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев объектке барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Ал кыш түшкөнгө чейин оңдоо иштерин ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.

Эске салсак, өткөн айда аталган үйдө чыккан өрттөн алты батир жабыркаган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өрттүн кесепеттерин жоюу жана батирлерди калыбына келтирүү иштерин Ош шаарынын мэриясы жүргүзүп жатат.

Scroll to Top