Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын уттуКыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышуудаКыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көпКайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталуудаГапар Айтиев атындагы музейде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү ачылатЭлектро чокусу Амир чокусу деп өзгөртүлөбү? Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жообу
Байтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулууда
21.04.2026 | 16:48

Чүйдүн Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейин узундугу 13 чакырымды түзгөн веложолдун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымат берди.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 миң 200 метр аралыгына асфальт төшөлгөн. Учурда жолдун 4 миң 800 метр тилкесинде жер иштери жүргүзүлүүдө. Мекеме курулуш иштери бекитилген графикке ылайык аткарылып жатканын билдирди.
Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом