Чоң оюнда пешка болбоо үчүн эмне кылуу керек жана эмнеге медиа – бул ачкыч

11.11.2025 | 18:01

Дүйнөлүк чек аралар өзгөрүп, ири державалар татаал геосаясий оюн жүргүзүп жаткан доордо Кыргызстан жогорулаган кызыгуунун борборунда калды. АКШ, Орусия, Кытай — баары аймакка буга чейин болуп көрбөгөндөй көңүл бурууда. Мындай шартта чакан республика кантип башка өлкөлөрдүн колунда оюнчукка айланбай, улуттук кызыкчылыктарын сактап, «өзгөрүүлөр шамалынан» максималдуу түрдө пайда ала алат?


Бул суроолор «Ой-Ордо» эксперттик жолугушуусунда талкуунун борборунда болду. Анда алдыңкы саясат таануучулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер өзгөрүп жаткан дүйнөдө өлкөнүн ордун жана болуп жаткан окуяларга объективдүү көз карашты калыптандырууда ЖМКнын ролун талкуулашты.

«Үч державанын ортосунда»: Улуттук кызыкчылыктар үчүн чакырык

Саясат таануучу Айболот Айдосов белгилегендей, Кыргызстан бүгүн уникалдуу учурду баштан кечирүүдө.

«Бизге азыр Америка Кошмо Штаттары да кызыгып, Вашингтонго чакырууда. Бизге стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия Федерациясы кызыгып жатат. Албетте, биз менен чектеш, ири коңшубуз Кытай да өз кызыгуусун көрсөтүүдө», — деди ал.

Анын пикиринде, башкы чакырык — «ушул үч ири державанын ортосунда өз кызыкчылыктарыбызды сактап калуу, эч кимдин жетегинде калбоо, алардын оюнчугунa айланбоо жана улуттук кызыкчылыктарыбызды кармануу».

Адис жакында Самаркандда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусун мисал катары келтирди. Бул жолугушуу тарыхта биринчи жолу тышкы оюнчулардын катышуусуз өткөн.

«Акыры биз өз коопсуздугубуз, өз үйүбүз үчүн биринчи кезекте өзүбүз жооп берүүгө тийиш экенибизди түшүнө баштадык», — деди Айдосов.

Адис өзгөчө Москва менен болгон мамилелерге көңүл бурду. Анын айтымында, атайын аскердик операция жүрүп жатканына карабастан, Орусия Борбор Азияга, өзгөчө Кыргызстанга көңүл бурууну улантууда.

«Бул тарыхый, жылуу жана боорукер мамилелерди өнүктүрүү абдан маанилүү», — деп баса белгиледи саясат таануучу, Орусия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктү сактоо жана бекемдөө зарылдыгын айтып.

Айдосовдун пикиринде, өлчөмү чакан болгону менен Кыргызстан Евразиянын транспорттук, логистикалык жана соода хабына айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок бул үчүн улуттук кызыкчылыктар баарынан жогору коюлушу керек.

Акыл үчүн күрөш: Ишеним, фейктер жана маалыматтык согуштар

Талкууга катышкандардын жалпы пикири боюнча, өзгөрүүлөр жана маалыматтык согуштар доорунда маалымат каражаттары эң негизги роль ойнойт. Коомдук пикирге, жана ал аркылуу ири интеграциялык долбоорлордун тагдырына журналисттердин окуяларды чагылдырышы түздөн-түз таасир этет.

«Баары капиталдан эмес, ишенимден башталат. Ал эми ишеним — бул журналисттер иштеген аянт. Региондо ири долбоор башталганда, ал жакка биринчи куруучулар эмес, маалымат каражаттары барышат. Кээде туура айтылган бир эле сөз миллиондогон долларлык инвестициядан да кымбат, анткени дал ошол сөз ишенимди жаратат», — деп белгиледи «Вечерний Бишкек» маалымат агенттигинин башкы редактору Бакыт Басарбек.

«Кабар» агенттигинин мурдагы жетекчиси Кубан Таабалдиев бул ойлорду улантып, бүгүн «Бир алкак, бир жол» сыяктуу ири интеграциялык долбоорлорго каршы жашыруун маалыматтык согуштар жүрүп жатканын айтты.

«Карыз тузагы, маданий экспансия же эгемендүүлүктү жоготуу жөнүндө мифтер таратылып жатат. Бул өңдүү баяндоолор көп учурда сырттан жаралат жана региондогу абалды туруксуздаштырууга багытталган», — деп эскертти ал.

«Ой Ордо» борборунун директору Игорь Шестаков Кытай азыр аймакта маалыматтык согуштун шартында жашап жатканын ырастады.

«Пекиндин атаандаштары экономикалык кызматташтыкты экспансия катары көрсөтүүгө аракет кылып, карыз маселесин курал катары колдонуп жатышат. Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын алдында 1,5 миллиард доллардан ашык карызга ээ. Ким эле өз насыя берүүчүсүнө жылуу мамиле жасасын? Дал ушуну пайдаланып, реалдуу фактылар келтирилбей жатат», — деди Шестаков.

Ал кошумчалагандай, экономикалык темага «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу маселени да байлап, бул талкууга жаштарды активдүү тартуу аракеттери көрүлүүдө.

Орусия жана Кытай менен достошконубүз оң

Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия мамлекеттери стратегиялык өнөктөштүк катары Орусия жана Кытай менен кызматташууга басым жасашы керек. Анткени бул эки мамлекеттин мамилеси регионду негизинен арзан ресурстардын булагы жана товар өткөрүү рыногу катары гана көргөн Батыштын саясатына караганда таптакыр башкача. Мындай пикирин эксперттик талкууда аналитик Бактыбек Саипбаев билдирди. Анын айтымында, Москва менен Пекин Батыштан айырмаланып, Борбор Азияга чыныгы өнүгүү, технологиялар жана инфраструктуралык долбоорлорду сунуштап жатышат.

Саипбаевдин баамында, Борбор Азияда азыркы учурда Орусия менен Кытайдын «синергиялык өз ара аракеттенүүсү» байкалууда. Бул кызматташууда ар бир өнөктөш өзүнүн негизги ролун аткарат.Орусия — коопсуздуктун кепилди, региондогу туруктуулукту камсыздоого жана айрыкча Ооганстандан келип жаткан коркунучтар фонунда «саясий чатыр» түзүүгө умтулууда.

«Путин атайын Тажикстанга келип, бул чек арадагы аскердик мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө аракет кылды — максат, согушкерлер биз тарапка кирип келбесин деген», — деп түшүндүрдү эксперт.

Ошол эле учурда, аналитиктин айтымында, Кытай көбүнчө экономикалык жол менен өнүгүүгө көңүл бурууда. «Бир алкак — бир жол» демилгеси жөн гана Европага чыгуу аракети эмес, бул транспорттук коридорлорду жана инфраструктураны стратегиялык жактан куруу аракети. Саипбаев Кытайдын «Чыгыш — Батыш» долбоорунун жана Орусиянын «Түндүк — Түштүк» долбоорунун өз ара шайкеш келерин жана бири-бирин толуктап турарын белгиледи.

«Менин оюмча, биз үчүн эң туура жол — коңшуларыбыз Орусия жана Кытай менен достук мамиледе болуу. Эгерде биз ушул жалпы командада болсок, мурдагы борбор азиялык советтик республикалардын баарына жакшы болот», — деп жыйынтыктады ал.

Эксперттин айтымында, Москва менен Пекин биргелешкен долбоорлорду, технологияларды жана кадрларды даярдоону сунуштоодо. Ал мисал катары Казакстан менен Өзбекстанда келечектеги атомдук электр станциялар үчүн адистерди окутуу максатында алдыңкы орусиялык техникалык жогорку окуу жайлардын филиалдарынын ачылышын келтирди.

«Алар кол кармашып, биргеликте өнүгүүгө — экономикалык жана жалпы цивилизациялык жактан алдыга жылууга умтулуп жатышат», — деп белгиледи Бактыбек Саипбаев.

Элдик дипломатия жана жаңы көпүрөлөр

Экс-депутат Гуля Кожокулова расмий гана эмес, бейрасмий байланыштардын да маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Бул дагы бир жолу биздин өз ара мамилелерибиздин маанисин жана баалуулугун көрсөтөт. Тилекке каршы, бул темаларга жетиштүү көңүл бурулбай келет», — деди ал.

Кожокулова журналисттерди экономикадан тышкары маданий, тарыхый жана билим берүү тармактарындагы байланышты да активдүү чагылдырууга чакырды. Ошондой эле ал Кытайдын технологиялык өнүгүүдөгү жетишкендиктеринен (мисалы, Тяньцзинь шаарындагы мейманканаларда кызмат көрсөткөн роботторду) жана айыл чарба жаатындагы тажрыйбасынан үлгү алууга, элдик дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга үндөдү.

«Жибек — бул бизди бириктирген жип. Ал ичке көрүнгөнү менен, өтө бекем. Аны эч ким үзүүгө акысы жок», — деп образдуу түрдө жыйынтыктады ал.

Игорь Шестаков да Кытай эксперттик чөйрөсүнүн активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кытайлык аналитиктердин катышуусунда тегерек столдорду өткөрүү зарыл. Алар объективдүү баа берип, дезинформацияга каршы турушмак. Биздин борбор мындай жолугушууларды уюштурууга даяр», — деди ал.

Акыры, бардык катышуучулар бир пикирге келишти: глобалдык өзгөрүүлөр доорунда Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарга негизделген так жана прагматикалык саясатты иштеп чыгышы керек. Ал эми бул максатка жетүүнүн негизги куралы — дезинформацияга каршы тура алган, дүйнөдө болуп жаткан процесстерди коомго терең жана туура түшүндүрө билген кесипкөй жана объективдүү маалымат каражаттары болууга тийиш.

Scroll to Top