Кыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жатат
Жайыт жерлерди турак-жай курууга беришкен. Ошто мамлекеттик кызматкерлер кармалды
13.11.2025 | 21:00

Оштун Кара-Суу районунда жайыт жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баш-Булак айыл аймагындагы 12,29 гектарды түзгөн таза жайыт жер трансформациядан өтпөгөнүнө карабастан, мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн. 27 жаранга 600 чарчы метрден жер жеке турак жай куруу үчүн берилген. Натыйжада мамлекетке 13 млн 770 миң сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.К., жер-адиси С.Б, мамлекеттик курулуш департаментинин түштүк региону боюнча адиси К.А. кармалып, камакка алынышкан.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом