Чүй облустук ооруканасында хирург Эрнст Акрамовго арналган музей ачылды
Эрнст Акрамов атындагы Чуй облустук ооруканасында Кыргызстандын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор жана көрүнүктүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоосуна жана эмгек жолуна арналган музей ачылды.
Салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 14-ноябрда, өтүп, улуу дарыгердин көз жумгандыгынын бир жылдыгына туш келди. Эрнст Акрамовго 26-ноябрда дүйнөдөн кайтканына бир жыл болот. Ал өмүр бою элге кызмат кылып, кыргыз медицинасын өнүктүрүүгө өз өмүрүн арнаган.
Эрнст Хашимович Акрамов 1936-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүп, өлкөнүн эң урматтуу хирургдарынын бирине айланган.
Музейдеги экспозиция анын жашоо жолун чагылдырып, жаш дарыгерден тартып дүйнө тааныган окумуштууга чейинки эмгек жолу, илимий иштери, хирургиядагы жетишкендиктери жана кесибине берилгендиги тууралуу баяндайт.
Бул музей келечек муундагы медиктер үчүн эскеруу жана шыктандыруу жайына айланып, кыргыз медицинасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсан тууралуу кеңири маалымат берет.






