Массалык башаламандыкка чакырык. Сот кармалган саясатчыларга бөгөт чарасын тандады23-ноябрь: Жаан-чачын күтүлбөйтКурал, бангизат, $150 миң. ИИМ кармалган саясатчылар жана даярдалып жаткан төңкөрүш тууралууМассалык башаламандыктарга чакырыктар — сурактан кийин камалгандардын жана үйүнө кеткендердин тизмесиАдахан Мадумаровду уул-келини менен кошо суракка алып кетиштиЖурналист Ложниковдун мурдагы жубайы УКМКга чакырылды
Унаа жигиттерди сүзгөн — Манас шаарында массалык мушташтан кийин 11 адам кармалды
19.11.2025 | 21:35
Манас шаарында болгон массалык мушташтан кийин укук коргоо органдары 11 адамды кармады. Бул тууралуу Reporter.kgге Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Мушташ 19-ноябрга караган түнү «Спутник» кичирайонунда болду. Кадрларда эки топ жигиттер кыйкырып, бири-бирине таш ыргытып жатканы көрүнөт. Ак түстөгү авто ылдамдап келип бир жигитти сүзүп, андан соң бурулуп артка карай кетип дагы бир жигитти сүзүп кеткен.

Милициянын маалыматына караганда, мушташтан кийин 22 жаштагы Э.Б. жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мушташка катышкан 11 адамдын өздүктөрү такталып, баары кармалды. Териштирүү уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар