Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Түлеев: «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы фонтан өз ордунда калат
20.11.2025 | 19:30
Нариман Түлеев Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы фонтан өз ордунда каларын, учурда ал реконструкцияланып жатканын билдирди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымында, фонтан жана анын жанындагы ат эстеликтер курулушка байланыштуу алынган.
“Ал жерди «Айчүрөк» соода борборунун жетекчилиги жасаттырууда. Фонтандын айланасы жашылдандырылып, дарактар отургузулат. Шаардыктар ойлонбой эле койсо болот, баары мурдагыдан да жакшы болуп жасалып, ордуна коюлат”,-деген ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом