Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
700дөн ашуун чет элдик байкоочу алдыдагы парламенттик шайлоону көзөмөлдөйт
24.11.2025 | 20:00
БШК КР Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосунда иштей турган 770 чет өлкөлүк байкоочуга аккредитация берди. Бул тууралуу комиссияда билдиришти.

Добуш берүү процессин көзөмөлдөгөндөрдүн арасында Филиппиндин шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы, ошондой эле Түштүк Корея, Түркия, Кытай, Иран, Германия жана Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери бар.
Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Шайлоо 2025