12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалды
Эми жарандар карыздарын жана өлкөдөн чыгууга тыюунун бар-жогун онлайн текшера алышат
27.11.2025 | 16:32
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандарга карыздарынын бар-жогун жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген онлайн-порталды ишке киргизди. Платформа кызматтын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана жарандар өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын аэропортто гана билип калуусун алдын алуу максатында түзүлгөн.
Жаңы кызмат аркылуу алдын ала төмөнкүлөрдү билсе болот:
- карыздардын бар-жогун;
- өлкөдөн чыгууга тыюу салуу коюлган-коюлбаганын;
- жооптуу сот аткаруучунун байланыш маалыматтары;
- маселени тез чечүүнүн жолдорун.
Порталды колдонуу үчүн атайын QR-кодду сканерлеп, ИННди киргизип, актуалдуу маалыматты алса болот.

Мекеме жарандарды өз маалыматтарын үзгүлтүксүз текшерип турууга жана зарыл болгон учурда сот аткаруучуларга кайрылып, кеңеш алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом