Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Бишкекте ишкер кичи-базарын өз калоосу менен бузуп жатат
27.11.2025 | 20:00
Бишкекте ишкер өзүнө таандык кичи-базарын өз калоосу менен бузуп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Боорукер» кичи-базары Дэн Сяопин проспектисинде, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан. Аянты 216 чарчы метрди түзөт. Шаардык мэриянын комиссиясы бул тилкени алып салуу боюнча чечим кабыл алып, андан соң Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы эскертмелерди берип жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Мэриянын маалыматына ылайык, ишкер негиздерге макул болуп, аймакты ыктыярдуу түрдө алып салууну чечкен. Бош калган жерге көрктөндүрүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


