Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылды
УКМК: Бишкекте милиция кызматкери уруксат кагазды сатуу учурунда кармалды
02.04.2020 | 11:53
Бишкекте милиция кызматкери санитардык блокпостордон өтүү боюнча уруксат кагазды сатуу үчүн акча алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Такталгандай, шектүү Октябрь райондук милициясынын кызматкери У.К. болгон.
Ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылган.
Бул факты Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-б (“Пара талап кылу”у) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар