Жеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдар
УКМК: Бишкекте милиция кызматкери уруксат кагазды сатуу учурунда кармалды
02.04.2020 | 11:53
Бишкекте милиция кызматкери санитардык блокпостордон өтүү боюнча уруксат кагазды сатуу үчүн акча алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Такталгандай, шектүү Октябрь райондук милициясынын кызматкери У.К. болгон.
Ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылган.
Бул факты Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-б (“Пара талап кылу”у) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар