Гуманитардык жардамды кимдер ала алат? Өкмөттүн жообу

Гуманитардык жардамды кимдер ала алат? Өкмөттүн жообу

Өкмөт коронавируска байланыштуу жардам ала турган жарандардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт керектүү болгон азыктар менен камсыздап турат. Жардам кырдаалга карата бир нече жолу берилет.

«Калктын аялуу катмарларынын тизмеси түзүлгөн. Булар: аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар, Бишкектеги базарларда араба айдап нан тапкандар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда», — деди Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>