Венада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууланды

Венада Кыргызстандын Тышкы иштер министринин (ТИМ) биринчи орун басары Асеин Исаев Европанын бир катар өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Лихтенштейн, Швеция, Эстония, Словакия, Франция, Дания, Испания, Португалия, Монако, Албания жана Андорра өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилери менен болгон жолугушуулар ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн.
Сүйлөшүүлөрдө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо маселелери талкууланган.
Ошондой эле ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштурууга жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинде артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулган.
Асеин Исаев Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын талкуулап, добуштарды уюштурууда жана саноодо санариптик технологияларды колдонуу, чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары үчүн алыстан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жана аялдар үчүн гендердик квота киргизүү тууралуу айтып берген.